Бишкек: 12-кичи райондо көп кабаттуу үй өрткө чулганды. Асмандан тартылган видео

Бишкек шаарындагы 12-кичи райондогу көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Өрткө каршы кызматтын берген маалыматына таянсак, тилсиз жоо тууралуу кабар 21:43тө түшкөн. Окуя болгон жерде учурда бир авто тепкич жана өрт өчүрүүчү эки бригада иштеп жатат.
Sputnik

Объектини куруп жаткан компаниядан кырсык учурунда имараттын ичинде эч ким жок болгондугун айтышты.