Кандай эне төрөдү экен?.. Өлкөнүн мыкты спортчуларынын апалары сүрөттө

Sputnik

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөдөгү эң белгилүү спортчулардын апасы менен түшкөн сүрөт топтомун сунуштайт.

Аты далайга кеткен спорт чеберлери ийгилигинин аркасында апалары турганын айтып, даңазалап келишет.

Белгилей кетсек, Энелердин эл аралык күнү майдын экинчи дем алышында белгиленет. Кыргызстанда май майрамдарынын көптүгүнө карап үчүнчү дем алышка коюлган.

1 / 13
Тайбокс боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Шахриза Халилова апасы Санье Халилова менен
2 / 13
Футболдогу эң мыкты чабуулчу Антон Землянухин апасы Ольга Землянухина менен
3 / 13
Грек-рим күрөшү боюнча студенттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону Каныбек Жолчубеков апасы Айнура Жолчубекова менен
4 / 13
Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков апасы Мыскал Козубекова менен
5 / 13
Тайбокс жана ММА боюнча мушкерлер Антонина жана Валентина Шевченколор апасы Елена Шевченко менен
6 / 13
Олимпиада оюндарынын катышуучусу, суучул Денис Петрашов апасы Елена Пивоварова менен
7 / 13
Таяк тартыш боюнча дүйнө чемпиону Азат Таштанбеков апасы Элмира Шарипова менен
8 / 13
Алыш күрөшү боюнча Азия оюндарынын чемпиону Алтынай Мамарасул кызы апасы Дөөлөткан Кайыпова менен
9 / 13
WEF уюмунун оор салмактагы чемпиону Тилек Жээнбеков апасы Жаңыл Осмонкулова менен
10 / 13
Профессионалдуу бокс боюнча WBA ASIA уюмунун чемпиондук курунун ээси Акжол Сулайманбек уулу апасы Сабра Өзбекова менен
11 / 13
КРдин эң мыкты волейболчусу Оңолбек Каныбек уулу апасы Кымбат Кожобаева менен
12 / 13
Кыргызстандын эң мыкты көк бөрүчүсү Манас Ниязов апасы Айсалкын Эсенбаева менен
13 / 13
M-1 Global уюмунун мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу апасы Максудахан Бороонова менен