Радио

Калыбай уулу: окууну 10-сентябрдан баштоону ата-энелердин 51 пайызы колдоду

"Эл-Пикир" борборунун эксперти Аскат Калыбай уулу изилдөөнүн жыйынтыгында окуу жылын 10-сентябрдан баштоого мугалимдердин 65 пайызы макул болгонун айтты.
Sputnik
Калыбай уулу: окууну 10-сентябрдан баштоону ата-энелердин 51 пайызы колдоду

Окуу жылын 10-сентябрдан баштоо демилгесин башка облустарга салыштырмалуу Нарын облусунун жашоочулары көбүрөөк колдоду. Бул тууралуу Аскат Калыбай уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, атайын тандалып алынган мектептер изилдөөгө катышкан.

"Мугалимдердин 65 пайызы, ата-энелердин 51 пайызы окуу жылынын 10-сентябрга жылышы балдардын билим алуусуна таасир этпейт деген пикирин айткан. Ал эми сурамжылоого катышкан ар бир төртүнчү мугалим окуучунун жыл ичиндеги жетишкендигин жогорулатат деген ишенимин билдирген", — деди Калыбай уулу.

Ал бул демилге бардык аймактарды эске алуу менен сунушталып жатканын кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.