LG компаниясынын кожоюну көз жумду

Компанияны жетектөө Ку Бон Мунун асырап алган уулуна өтөрү айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Түштүк Кореяда айтылуу LG компаниясынын жетекчиси Ку Бон Му 73 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Акыркы кезде бизнесмендин мээсине бир нече ирет операция жасалган.

"Ку Бон Му компанияны 23 жылдан бери башкарып келе жаткан. Ага чейин ири ишкананы анын атасы Ку Чжа Гөн жетектеген. Учурда анын милдетин иниси убактылуу аткара баштады", — деп жазылат макалада.

Ку Бон Мунун артында эки кызы жана асырап алган Ку Гван Мо аттуу уулу калды. Атасынын ишканасы дал ушул баласынын колуна өтөрү айтылууда.