Кубанычбек Кулматовдун үйү тинтүүгө алынды

УКМК түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын экс-жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун үйү тинтүүгө алынганы Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы жеке булактардан белгилүү болду.

"Майлуу-сүттүү" кызматта жүргөн Кубанычбек Кулматов тууралуу 7 факты
УКМК кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

VB.kg басылмасынын берген маалыматы боюнча Кулматовго буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында айып коюлган. 

Агенттиктин айтымында, кылмыш иши TBEA тарабынан мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын максатсыз пайдаланылышы боюнча козголгон. Кулматов ал кезде Бишкектин мэрлигин аркалаган.

Экс-мэр менен байланышууга мүмкүн болгон жок.