Түштүк Кореяда кармалган Түндүк кореялыктар өлкөсүнө кайра жибербөөнү суранууда

Эки Кореянын лидерлеринин 27-апрелдеги саммитинен кийин Түндүк Корея жарандарынын коңшу өлкөгө качкан учурлары арбый баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Түштүк Кореянын аскерлери суу менен чектешкен аймактан Түндүк Кореянын эки жаранын кармаган учурда, алар баш паанек сурап келе жаткан. Бул туурасында РИА Новости Рёнхап агенттигине шилтеме кылып жазды.

Ким Чен Ын күч органдарындагы жетекчилерди алмаштырды
Рёнхаптын маалыматына караганда, кайыкты Түштүк Кореянын аскерлери Пэннёндо аралынан алыс эмес жерде байкап калышкан. Учурда ал тарап эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу аймак, деңиз чек арасы болуп саналат.

Кайыкта отурган эки адам Түндүк Кореянын жарандары, анын ичинен бирөө аскер кызматкери болуп чыккан. Кармалгандар мекенине кайткысы келбегенин айтып, Түштүк Кореядан баш паанек сураган.

Агенттик эки Кореянын лидерлеринин 27-апрелдеги саммитинен кийин Түндүк Корея жарандарынын коңшу өлкөгө качкан учурлары арбый баштагандыгын билдирди.