БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Малайзиянын мурдагы премьер-министри Наджиб Разакка таандык акча менен зер буюмдар салынган 72 баштык алынды. Бул тууралуу Star басылмасы билдирди.
Аткаминердин резиденциясын текшерген полиция 284 даана дизайнердик сумка тапкан. Алардын ичи доллар менен баалуу зер буюмдарга толтурулган.
Буга чейин Наджиб Разак менен жубайына өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. ЖМКлардын маалыматы боюнча Разак Индонезияга кетүүгө камынып жүргөн.
Полиция тарабынан табылган акча менен баалуу зер буюмдар кантип ташылганын The Star Online басылмасынын YouTube-каналына жарыяланды.