Ханзада Гарри менен акриса Меган Марклдын үйлөнүү үлпөтү. Видеотрансляция аяктады

Британиянын ханзадасы Гарри менен америкалык мурдагы актриса Меган Марклдын үйлөнүү үлпөтү Виндзор хан сарайында өтөт.
Sputnik

Соцтармак кызыктары: Нурлан менен Аселдин бүтпөс баяны, тойго келген "койлор"
Үйлөнүү тойдун алдында салт болуп калгандай жигит менен кыз Виндзордун айланасындагы мейманканаларда бөлөк-бөлөк түнөшөт. Үйлөнүү күнү Гаррини агасы Уильям коштоп, машинаны айдайт.

Чиркөөдө 600 киши болот. Никеге тургандан кийин алар үстү ачык машина менен эл турган көчөдөн өтүшөт. Кечинде жаш жубайлардын урматына эң жакын делген 250 кишиге сый тамак берилет.