БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы алдамчылыкка шектелген Индиянын жаранын кармашты. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
"Индиянын жараны милицияга арыз менен кайрылып, чала тааныш мекендешине карата чара көрүүнү суранган. Жердеши былтыр жогорку окуу жайлардын бирине өткөрүүгө жардам берем деп 14 миң долларын алып изин жашырган", — деп айтылат милиция тараткан билдирүүдө.
Териштирүү учурунда кармалган кишиге карата ушундай эле дагы бир арыз түшкөнү аныкталган. Шектүү башка кишиден дагы жогорку окуу жайга өтүүгө жардам берем деп тогуз миң доллар алганы белгилүү болгон.
Учурда Октябрь райондук милициясы колго түшкөн жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктап жатат. Кармалган жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.