Согушкерлер Грозныйдагы чиркөөгө кол салып, үч киши каза болду

Каза болгондордун экөө полиция бирөө карапайым киши.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Төрт согушкер Грозныйдагы Архангель Михаил атындагы чиркөөгө бастырып киришкен. Анын кесепетинен эки полиция менен карапайым бир киши каза болгон. Бактыга жараша согушкерлер бат эле жок кылынганын РИА Новости агенттиги укук коргоо органдарындагы булакка таянуу менен билдирди.

"Чиркөөгө кирип келген төрт согушкер кишилерди барымтага алууну көздөгөн. Убагында көрүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында алар жок кылынды. Согушкерлерди тинтүү учурунда жанынан бычак жана куралдар табылган", — деп айтылат маалыматта.

Атайын операция учурунда эки полиция кызматкери да жаракат алган. Чиркөөгө болгон кол салуу боюнча РФ тергөө комитетинин Чеченстандагы өкүлдөрү тарабынан кылмыш иши козголду.