Эскертүү! 21-майдан тарта Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт

Мэрия буга чейин эмне себептен жыл сайын ысык суу өчүрүлөрүн түшүндүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Эки күндөн кийин, тагыраагы 21-майдан баштап Бишкек шаарында бир айга ысык суу өчүрүлөт. Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей суу 21-июнга чейин токтотулат. 

Ага ылайык, ысык суунун өчүрүлүшү кышка сапаттуу даярдануу үчүн түтүктөргө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү менен байланыштуу. 

Былтыркы жылы ысык суу 22-майдан тарта токтотулган.