Кыргызстандык мигрант кыз тууралуу тасмага Канн фестивалында эл туруп кол чапты

Канн кинофестивалында "Айка" тасмасы күйөрмандардын купулуна толду.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Россиялык режиссер Сергей Дворцевскийдин "Айка" тасмасы Канн кинофестивалында "Пальманын алтын жалбырагы" наамына талапкер болууда. Кинодо Кыргызстандан Россияга мыйзамсыз барган мигрант кыздын тагдыры тууралуу баяндалат.

Фестивалга барган Luxury Ladies журналынын башкы редактору Ксения Бордонун айтымында, тасманы көрүү үчүн көптөгөн кишилер атайын келген.

Залда отургандардын көбү көзүнө жаш алган. Анткени тасмада төрөтканадан төрөп, бирок жумушка чыгыш керек деп ал жактан качып кеткен кыздын тагдыры баяндалат. 

71-й Каннский международный кинофестиваль. Премьера фильма "Айка"

Кино аяктагандан кийин залдагылардын бардыгы ордунан туруп кол чабышкан.

Канн кинофестивалы Францияда 8-майда башталган жана 19-майда жыйынтыкталат. "Айка" тасмасы Россиянын атынан фестивалдын негизги программасында көрсөтүлдү.