Радио

Момаханова: музейлерге 18-майда эле көңүл бурулат деген туура эмес

Бишкек шаардык мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясынын директору Арман Момаханова музейлер ар түрдүү иш-чараларды өткөргөн жерге айлангандыгын айтты.
Sputnik
Момаханова: музейлерге 18-майда эле көңүл бурулат деген туура эмес

Кыргызстанда музейлерге 18-май музей күнүндө гана көңүл бурулат деген пикирди четке какты. Бул тууралуу Арман Момаханова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, музейди түнкүсүн кыдырып чыгуу өзгөчө таасир берет.

"Албетте, музейге баруу адамдын жан-дүйнөсүнө ырахат тартуулайт. Өзгөчө кечкисин жарыктар жанып, музейден экспонаттарга да жан киргендей сезим калтырат. Негизи музейлерге 18-майда гана эмес, такай эле көңүл бурулуп, шаар тургундары тарабынан кызыгуулар жаралып келет", — деди директор.

Ал музейге коюлчу буюмдарды табуу оңой эместигин кошумчалады.