"Музейдеги түн" акциясына 30 миңден ашуун кишинин келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Акзыйнат Шеримбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы аталган иш-чарага 20 миңдей шаар тургуну келген.
"Бул акция 6 саатка созулат. Саат 18:00дө башталып, 24:00дө жыйынтыкталат. Буюрса, бул жылы өтчү "Музейдеги түн" иш-чарасына 30 миндей адамдын келиши күтүлүүдө. Ал эми былтыр аталган кечеге 20 миңдей шаар тургуну келген", — деди уюштуруучу.
Ал түнкү музей келген элге өзгөчө атмосфера тартууларын кошумчалады.