Москвада журналист Кирилл Вышинскийди колдогондор митингге чыкты. Сүрөт

Иш-чарага "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев менен RT каналынын башкы редактору Маргарита Симоньян катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Москвадагы Украина элчилигинин алдына РИА Новости жана РИА Новости Украина агенттиктеринин мыйзамсыз кармалып, суракка алынган журналисттерин колдогондор митингге чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Иш-чарага "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев менен RT каналынын башкы редактору Маргарита Симоньян катышты.

Киселевдун айтымында, ал жерге журналисттерге карата уюштурулган инквизицияга каршы чыккандар чогулду.

1 / 3
Москвадагы Украина элчилигинин алдына РИА Новости жана РИА Новости Украина агенттиктеринин мыйзамсыз кармалып, суракка алынган журналисттерин колдогондор митингге чыгышты
2 / 3
Иш-чарага "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев менен RT каналынын башкы редактору Маргарита Симоньян катышты
3 / 3
Киселевдун айтымында, ал жерге журналисттерге карата уюштурулган инквизицияга каршы чыккандар чогулду.

"Бул нерсе адамды кылбаган нерсеге күнөөлөп, андан соң жок кылып салчу инквизицияга окшоп жатат. Мурда адамды өрттөп ийишсе, азыр мүлкүн тартып алып, өздөрүн 15 жылга камап коюшат. Кесиптешибиз Кирилл былтыр 50 жакша чыкты. Анын 65ке чыкканда “мекенине чыккынчы” катары түрмөдөн чыкканын элестетип атасыңарбы? Бул акылга сыйгыс нерсе”, — деди Киселев.

Лавров: химиялык "Новичок" заты АКШнын куралдуу күчтөрүнүн катарында турган
Эске салсак, Украинанын Башкы прокуратурасы 2015-жылы Россиянын жарандыгын алган, РИА Новости Украина агенттигинин журналисти Кирилл Вышинскийди 15-май күнү колго түшүрүп, аны мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен жоопко тарткан.

Ошол эле мезгилде Улуттук коопсуздук кызматы РИА Новости агенттигинин кабарчысы Людмила Лысенко менен аталган агенттиктин бул өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Андрей Бородиндин үйлөрүн тинтип, суракка алган.

Ал эми Россиянын Тергөө комитети бул кадамды туура эмес деп баалап, РФтин Кылмыш жана жаза кодексинин 144 (Журналисттин мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу) жана 299-беренелери (Күнөөсүз адамды кылмыш жазасына тартуу) менен кылмыш ишин козгогон.