Ким Чен Ын күч органдарындагы жетекчилерди алмаштырды

Аталган аскерий комиссия Түндүк Кореянын аскерий мүнөздөгү маселелерин партиянын курултайларынын ортосунда чечип турат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Түштүк Корея лидери акыркы эки жылдан бери биринчи ирет Корея эмгек партиясынын борбордук аскер комиссиясынын кеңейтилген жыйынын өткөрүп, анда күч органдарындагы жетекчилерди алмаштырган. Бул туурасында Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги жума күнү кабарлаганын РИА Новости жазды.

Маалыматта кандай өзгөрүүлөр болгондугу тууралуу так айтылган эмес.

Түндүк Корея Трамп менен сүйлөшүүнүн шартын атады
Жыйынга өлкөнүн бардык куралдуу күчтөрүнүн жана корпустарынын, күч түзүмдөрү боюнча ведомстволордун жана Корея эмгек партиясынын борбордук аскер комиссиясынын жетекчилери катышкан.

Борбордук телеграф агенттиги Ким Чен Ындын "армияны куруу жана аскер ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн башкы багыт менен жолду чагылдыруу экени айтылган. Анда партиянын аскерий жетекчилигинин системасында ырааттуулукту сактоо маселеси да каралган", — деп билдирген агенттик.

Аталган аскерий комиссия Түндүк Кореянын аскерий мүнөздөгү маселелерин партиянын курултайларынын ортосунда чечип турат.

Бул отурум Кореяда болгон саммиттен кийин өткөндүгү боюнча азыр ачык айтыла элек. Саммит 27-апрелде Түндүк жана Түштү Кореялардын ортосунда демилитаризацияланган аймакта өткөн.