Бишкек: куурап калган 9 миң сомдук 30га чукул көчөттүн видеосу

Ар бири 9 миң сомдон сатып алынган көчөттөр Бишкек шаарындагы Түштүк магистралды бойлото отургузулса, алардын бир тобу куурап калган.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти отургузулган кымбат көчөттөрдүн канчасы куурап калганын санап чыкты. Ал Аалы Токомбаев көчөсүнүн Тынчтык проспектисинен тарта "Ала-Тоо" ресторанына чейинки аралыгын, Душанбе көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейинки түндүк бөлүгүн жана 12-кичи райондон тарта Аалы Токомбаев көчөсүнүн бүткөн жерине чейин кыдырып чыкты.

Бишкек мэриясы бир көчөттү 9 миң сомго сатып алды. Арзаныраагы жок беле?..
70тен ашуун көчөттөрдүн бүчүрлөрү ачылса, алардын арасында кургап калгандары да кезикти. Sputnik Кыргызстандын журналисти куураган 28 көчөттү санап чыкты. Эгерде алар 9000 сомдон сатып алынганын эске алсак, 252 миң сом талаага чачылды десек болот.

Бишкек мэриясына караган "Зеленхоз" ишканасынан Sputnik Кыргызстан агенттигине, бул көчөттөрдү алардын кызматкерлери карап, сугарып, витамин менен азыктандырып турганын айтты. Андан сырткары, өткөн аптада "Зеленхоздун" маалымат кызматынын айтымында алардын агроному кыдырып, көчөттөрдү текшерип чыккан.

Кийинки текшерүүгө көчөттү алып келген компания өкүлдөрү менен биргеликте текшерүү болорун, куурап калгандарын алар башка көчөттөргө алмаштырып беришерин убада кылгандыгын айтышты.

Буга чейин Бишкек мэриясы көчөттөрдү эмнеге 13 миллион 763 миң сомго сатып алганына түшүндүрмө берген.