БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Чүй облусунун Лебединовка айылында 254-маршрутка, жеңил унаа жана жолтандабас кагышканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирди.
Окуя Победа жана Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Күбөнүн айтымында, чакан автобус менен Toyota Raum жана Nissan TERRANO унаалары сүзүшкөн.
Жолтандабасты кагып алган Toyota Raum унаасынын бампери ыргып, ал жерде тыгын жаралды.
Чүй облустук ЖКККБсы фактыны тастыктап, жабыркагандар жок экенин кошумчалады.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.