Бишкекте коомдук транспорт эскертүү жарнактары менен жүрө баштады. Сүрөт

Плакаттар Бишкек шаарында 31-майга чейин өткөрүлө турган "Коомдук транспорт" рейдинин алкагында троллейбустар менен маршруткаларга илинген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкекте айрым коомдук транспорттор “Абайлагыла, балдар!”, “Көңүл бургула, балдар!” деген эскертүү жарнактарын тагып жүрө башташты. Бул тууралуу шаар милициясынын ЖКККБсынын маалымат кызматы билдирди. 

1 / 2
Бишкекте айрым коомдук транспорттор “Абайлагыла, балдар!”, “Көңүл бургула, балдар!” деген эскертүү жарнактарын тагып жүрө башташты
2 / 2
Плакаттар Бишкек шаарында 31-майга чейин өткөрүлө турган "Коомдук транспорт" рейдинин алкагында троллейбустар менен маршруткаларга илинген.

Плакаттар Бишкек шаарында 31-майга чейин өткөрүлө турган "Коомдук транспорт" рейдинин алкагында троллейбустар менен маршруткаларга илинген. 

"Учурда 30 маршрутка жана 10 троллейбус ушундай жазуулары бар плакаттарды тагып жүрөт. Бирок эскертүүлөр дагы бир нече транспортко тагылат", — деп айтышты милициядан.

Маалыматка караганда, бул иш-чаранын негизги максаты — окуучулардын жол кырсыгына кабылуусун алдына алуу.