БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Депутат Алмазбек Баатырбеков ТЭЦтеги авария мекеменин жамааты тарабынан атайын жасалган саботаж деген да версия бар экенин айтып, бул боюнча депутаттык комиссия менен укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп жаткан-жатпаганын сурады.
"ТЭЦтеги кадр саясатына жана ошол кездеги коррупциялык элементтерден улам мекеменин жамааты атайын саботаж кылган деген да маалыматтар чыгып кеткен. Ушул нерсени карадыңарбы?" — деди эл өкүлү.
Ал эми УКМКнын Тергөө башкармалыгынын өкүлү андай фактылар аныкталбаганын маалымдады.
"Андай фактылар аныктала элек. Тергөө дагы деле жүрүп жатат. Бул маселеге аягында да укуктук баа берилет", — деди УКМК өкүлү.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун кароо уланып жатат.