БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд шаарында биринчи жолу аялдар үчүн унаалар көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу The National басылмасына таянып, РИА Новости кабарлады.
Pinkish ("Күлгүн") деп аталган көргөзмө үч күнгө созулуп, аялдар ал жактан унаа көргөндөн сырткары кызыккан суроолору боюнча автодиллер, камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү менен да сүйлөшө алышат.
Ал эми 24-июндан баштап аталган өлкөдө аялдардын унаа айдоосуна салынган тыюу жокко чыгарылып, кыз-келиндер расмий түрдө рулга отурушат.
Аталган көргөзмөгө 80 миңге чукул адам келери күтүлүүдө.