Ош: тууну таштанды үчүн колдонгон музей кызматкерине соттун өкүмү чыкты

Сот аталган кызматкерди 10 миң сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирди.
Sputnik

ОШ, 15-май, — Sputnik. Ош шаардык соту Кыргызстандын желегин курулуш таштандыларын чогултуу үчүн пайдаланган "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексинин кызматкерине карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

1 / 2
Ош шаардык соту Кыргызстандын желегин курулуш таштандыларын чогултуу үчүн пайдаланган "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексинин кызматкерине карата өкүм чыгарды
2 / 2
Сот чечимине ылайык, музейдин М.М. аттуу кызматкери Кылмыш жаза кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылган.

Түнү бою туу кармаган жигитке "Манас" орденин берүү сунушталды
Сот чечимине ылайык, музейдин М.М. аттуу кызматкери Кылмыш жаза кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылган. Бул берененин негизинде кызматкер 10 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Эске салсак, 2017-жылдын 25-сентябрында "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексиндеги 117-119-бөлмөлөрдө оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Менеджмент жана маркетинг бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы болуп эмгектенген Кара-Суу районунун 72 жаштагы мамлекеттик тууну музейдин ичиндеги кампада турган жеринен алып чыгып, курулуш таштандыларын чогултуу үчүн пайдаланган.