БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргызстандын курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу бөлүгүнө кийип чыкчу форманын дизайнына сынак жарыялады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Кароого ата мекендик кийим-кече өндүрүүчүлөр жана дизайнерлер катыша алат.
"Шарт боюнча комплектиге баш жана сырткы кийим, эркектер үчүн шым, аялдар үчүн көйнөк болушу керек. Мунун баары улуттук колоритте тигилип, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эн белгиси тагылышы зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
Эмгектер 22-майга чейин мамагенттиктин имаратында кабыл алынат. Жеңүүчү 50 миң сом сыйлыкка ээ болот.
Дареги: Бишкек, Тоголок Молдо көчөсү, 17. Электрондук дарек rsrnvs_kg@mail.ru. Байланыш телефону: 0312 32 53 14.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.