"Футбол сулуусу — 2018" сынагын үч балалуу келин жеңип алды

Сынактын финалына үч бийкеч тандалып, анын жыйынтыгы бүгүн чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. "Футбол сулуусу — 2018" конкурсун Нарис Оморова жеңип алганын Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Претендентка на звание "Мисс футбол — 2018" Нарис Оморова

Көрүүчүлөрдүн добушу менен сынактын финалына үч бийкеч тандалып, анын жыйынтыгы бүгүн чыккан.

Жеңүүчүгө расмий түрдө сыйлык тапшыруу аземи эртең болот. Титул жана таажыдан сырткары, ал эл аралык иш-чараларда Кыргызстандын футбол федерациясын таанытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, түрдүү сүрөт, видеого тартуу долбоорлоруна катыша алат.

WEF Global: кыздардын алгачкы беттешине чыккан Барчынай жеңишке жетти
Нарис Оморова 1993-жылы 15-апрелде туулган. "Реал Мадрид" клубунун күйөрманы, ошол эле учурда "Барселона" командасынын футболчусу Лионель Мессини жактырат. Кыргыз-орус славян университетинде "бухгалтердик эсеп" адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. Учурда банкта иштейт. Ага удаа эле "юриспруденция" багыты боюнча экинчи билимин алууда. Үч баланын энеси.

Өткөн жылы "Футбол сулуусу" наамына Москвада Asia Gold KG аттуу футбол сүйүүчүлөрүнүн командасын түзгөн Надира Исакова ээ болгон.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде футболго кантип келип калганын айтып берген.