Бишкекте маршрутканын айынан бир нече киши жана автоунаалар жабыркады. Сүрөт

Сүзүлгөн автоунаа күү менен келип, токтоп турган башкаларына урунган. Маршрутканын күнөөсүнөн улам төрт автокөлүк жабыркады.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Борбор калаадагы "Бишкек парк" соода борборунун жанында №224 каттамдагы маршрутка токтотуучу жайга кирип бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн. Бул туурасында Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан кабарлашты.

1 / 3
Борбор калаадагы "Бишкек парк" соода борборунун жанында №224 каттамдагы маршрутка токтотуучу жайга кирип бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн.
2 / 3
Жол кырсыгы болжол менен түшкү саат бирлерге чукул болгон.
3 / 3
Бул кырсыктан маршрутканын ичинде келе жаткан төрт киши жаракат алып, Тез жардам аларды ооруканага жеткирген.

"Жол кырсыгы болжол менен түшкү саат бирлерге чукул болгон. Ичинде жүргүнчүлөрү бар кичи автобус токтотуучу жайга кирип бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн. Сүзүлгөн унаа күү менен келип, токтоп турган башкаларына урунган. Маршрутканын күнөөсүнөн улам төрт автокөлүк жабыркады", — деп айтышты милициядан.

Бул кырсыктан маршрутканын ичинде келе жаткан төрт киши жаракат алып, Тез жардам аларды ооруканага жеткирген.

Наркологиялык текшерүү кичи автобустун айдоочусу соо экендигин көрсөткөн. Кырсык боюнча топтолгон материал милицияга иликтөө үчүн өткөрүп берилген.

Кечээ, 16-майда, скутер айдаган киши жөө кетип барткан аялды коюп кеткен.