Бишкек – Алматы трассасында үч унаа кагышып 5 адам көз жумган

Каза болгондордун бардыгы Казакстандын жарандары экени айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкек – Алматы трассасынын Унгуртас айылына жакын аймакта ири жол кырсыктан беш адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Бишкекте маршрутканын айынан бир нече киши жана автоунаалар жабыркады. Сүрөт
Билдирмеге караганда, 16-май күнү эртең мененки саат 8.00дө Mercedes, SsangYong жана Iveco үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып кеткен. Натыйжада SsangYong машинасынын ичиндеги беш адам каза тапкан. Ал эми түрдүү жаракат алган төрт адам ооруканага жаткырылган. 

Көз жумгандар менен жабыркагандар Алматы, Жамбыл, Түштүк-Казакстан жана Караганда облустарынын тургундары болуп эсептелет. Ал эми Iveco үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү Кыргызстандын жарандары. 

Алматы облусунун ички иштер департаменти кырсык болгонун ырастап, аталган фактыга карата тийиштүү бардык экспертизалар дайындалганын билдиришкен.