АКШ менен Өзбекстан 4,8 миллиард долларлык келишим түздү

Жолугушууда Мирзиёев Өзбекстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болууга кызыкдар экенин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен АКШнын өлкө башчысы Дональд Трамп Вашингтондогу жолугушууда экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында 4,5 миллиард долларлык келишим түздү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Эске салсак, Мирзиёевдин АКШга болгон иш сапары 17-майга чейин созулат.

Жолугушууда өлкө башчылары мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, айыл чарба, энергетика, химия, каржы, туризм, кездеме өнөр-жайы, саламаттык сактоо жана санариптик технология тармактары боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну макулдашты.

"Расмий иш сапар учурунда Өзбекстан менен АКШдагы компаниялардын ортосунда 4,8 миллиард доллардан ашык акча керектеле турган 20дан ашык ири келишимге кол коюлду. Ошондой эле Өзбекстан АКШда 10 миңдей иш орундарын сактап калууга жана америкалык компаниялар менен бир нече миллиарддык келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү", — деп жазылат маалыматта.

Жолугушууда Мирзиёев Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болууга кызыкдар экенин айтса, Трамп бул багытта АКШ Өзбекстанга колдоо көрсөтүп техникалык жактан жардам берерин кошумчалап кетти.