Ак-Талаада ара жолдо калган көпүрө оңдолуп, эл жөө өтө баштады

Бүтпөгөн көпүрөнүн кесепетинен 13-майда төрт айылдын эли райондун борбору менен байланыша албай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Нарын обулусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсү аркылуу жөө адамдардын өтүүсүнө жол ачылды. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

1 / 3
Нарын обулусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсү аркылуу жөө адамдардын өтүүсүнө жол ачылды
2 / 3
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 16-майда, министр Жамшитбек Калилов аталган аймакка барып жергиликтүү тургундарга жолугуп, көпүрөнүн курулуш иштерин көргөн
3 / 3
Былтыр, май айында узундугу 141,2 метр, туурасы 5 метр болгон көпүрөнүн ортоңку тирөөчү чөгүп, авариялык абалга кептелген.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 16-майда, министр Жамшитбек Калилов аталган аймакка барып жергиликтүү тургундарга жолугуп, көпүрөнүн курулуш иштерин көргөн.

"Көпүрөнүн курулуп бүтө элек 15 метр жерине бетон блоктор коюлуп, жөө адамдардын өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат, 15-июнга чейин толугу менен бүткөрүлүп пайдаланууга берилет", — деп айтылат маалыматта.

Жоголгон 38 млн., каза болгон директор. Ак-Талаадагы көпүрө эмнеге бүтпөй калган?
Эскерте кетсек, 13-майда Нарын дарыясынын деңгээли көтөрүлүп Ак-Талчат — Казарман унаа жолундагы урап калган көпүрөнүн курулуш иштери бүтпөгөндүктөн төрт айылдын эле райондун борбору менен байланыша албай калган.

Былтыр, май айында узундугу 141,2 метр, туурасы 5 метр болгон көпүрөнүн ортоңку тирөөчү чөгүп, авариялык абалга кептелген. Мындан улам көпүрөнүн 44,3 метр жери оңдоого муктаж эле.