ЖМК: Дубайда 2020-жылдан тарта өзү учкан полиция унаалары пайда болот

Өзү учкан машиналар этап-этабы менен колдонууга берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Дубайдын полициясы 2020-жылдан тарта көчөдө өзү учуп жүрүүчү машиналарды колдоно баштайт. Бул тууралуу Arabian Business басылмасы билдирди.

Дубайда 3D технологиясынын жардамы менен имарат курулат
Полиция Дубайда жайгашкан Acacus Technologies компаниясы менен меморундумга кол койду.

Өзү учкан машиналар этап-этабы менен колдонууга берилет. Биринчи этапта транспорт агымын көзөмөлдөп, анализдей турган видеокамералар орнотулат. Андан кийин өзү учуучу машиналардын жайгашкан жерин, алардын кыймылын тескей турган функциялар ишке киргизилет.

Басылма толук маалымат кийинчерээк берилерин белгилеген.