Жаш балага анын орду үй-бүлөдө чоң экенин сездирүү керек. Бул тууралуу Жылдыз Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-эне сөзсүз түрдө баланын оюн сурап турушу зарыл.
"Ата-эне ар дайым баласынын ою менен эсептешүүсү керек. Мындай учурда ал өзүн үй-бүлөдө керектүү, орду бар адам катары сезет. Ал эми "тынч отур, муну жасаба, аны жасаба" деген сыяктуу тыюулар баланы чектеп, тартынчаак кылып коет", — деди Кудайбердиева.
Ал ошондой эле кийим алып жатканда дагы баланын оюн эске алуу маанилүү экенин кошумчалады.