ӨКМ жетекчиси өлкөнүн селден жабыркаган аймактарына барды. Сүрөт

Иш сапардын жүрүшүндө министр селден жабыркаган каналдын абалын көрүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кезикти.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Ош облусуна болгон иш сапарын сел кырсыгынан жапа чеккен Кара-Кулжа районунан баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө министр селден жабыркаган каналдын абалын көрүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кезиккени айтылат.

1 / 3
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Ош облусуна болгон иш сапарын сел кырсыгынан жапа чеккен Кара-Кулжа районунан баштады
2 / 3
Билдирүүдө министр селден жабыркаган каналдын абалын көрүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кезиккени айтылат.
3 / 3
Эскерте кетсек, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 13-14-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн селдин суусу Ак-Турпак каналына батпай ашып, бир нече айылды каптаган.

"Жолугушуу учурунда Кара-Кулжа районунун акими Пиримберди Дыйканов селдин кесепетинен жабыркаган каналдарды калыбына келтирүү маселесин козгоду. Министр облустук башкармалыкка маселени биргелешип чечип, абалды жөнгө салуу боюнча тапшырма берди", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 13-14-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн селдин суусу Ак-Турпак каналына батпай ашып, бир нече айылды каптаган.

Баса, Баткен облсунун Лейлек районунда дагы 13-май күнү сел жүргөн. Анда Чимген айылында эки турак үйдү, Исфана шаарында бир турак үйдүн жана Ак-Чайыр балдар интернатынын жер төлөсүн суу каптап кеткен.