Оштогу Маданият айылында сел жүрүп, короолорду суу каптоодо. Сүрөт

Тактоо иштерин жүргүзүү үчүн жерине ӨКМдин райондук бөлүм башчысы чыгып кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Ош облусунун Араван районуна караштуу Маданият айылында катуу жаан жаап, анын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

1 / 4
Ош облусунун Араван районуна караштуу Маданият айылында катуу жаан жаап, анын кесепетинен сел жүрдү
2 / 4
Билдирмеге караганда, сел суулары 20 үйдүн, бир мектеп менен бала бакчанын короолорун каптап жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн
3 / 4
Тактоо иштерин жүргүзүү үчүн жерине ӨКМдин райондук бөлүм башчысы барды
4 / 4
Ушу тапта техника иштеп, суу алган жерлерди калыбына келтирүү аракеттери көрүлүп жатат.

Билдирмеге караганда, сел суулары 20 үйдүн, бир мектеп менен бала бакчанын короолорун каптап жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тактоо иштерин жүргүзүү үчүн жерине ӨКМдин райондук бөлүм башчысы барды. Ушу тапта техника иштеп, суу алган жерлерди калыбына келтирүү аракеттери көрүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет.