Пресс-борбор

Улуу Жибек Жолундагы өлкө жылдыздары музыкалык фестиваль тууралуу

Иш-чара 17-май күнү саат 14.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 16-Май. — Sputnik. "Улуу Жибек Жолун бойлогон өлкөлөрдүн жылдыздары музыкалык фестиваль тууралуу" видео көпүрө өтөт.

Иш-чара 17-май күнү саат 14.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болот.

Август айында Грузиянын Батуми шаарында Discover Silk Road Star ("Улуу Жибек Жолунун жылдызын табуу") фестивалы болмокчу. Ага 14 өлкө катышат.

Жибек Жолунун боюнда жайгашкан Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Украина, Польша, Румыния сыяктуу мамлекеттерден келген жаш ырчылар өз өлкөсүнөн барган белгилүү музыканттар менен сахнага чыгат.

Иш-чаранын маалыматтык өнөктөшү Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу.

Фестиваль тууралуу кененирээк видеокөпүрөнүн катышуучулары айтып берет.

Бишкектен:

Фестиваль катышуучусу, ырчы Абай СЕРИКОВ;

Акын жана композитор Жамиля МУРАТОВА.

Тбилисиден:

Фестивалдын негиздөөчүсү Нино ШАЛАМБЕРИДЗЕ;

Фестивалдын экинчи негиздөөчүсү Тамар АПЦИАУРИ;

Продюсер Темо САДЖАЯ.

Бакудан:

Фестиваль катышуучусу, ырчы Эмилия ЯКУБОВА;

Продюсер Захра БАДАЛБАЙЛИ.

Москвадан:

Фестиваль катышуучусу, ырчы Даниель РУСТАМОВ (Тажикстан).

Астанадан:

Фестиваль катышуучусу, ырчы Рустем ЖУГУНУСОВ.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып