Анын эмгек жолу 1986-жылы башталган. Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде эмгектенген. Ошондой эле КМШнын экономикалык кеңешинин консультанты, Абхазиядагы конфликтини жөнгө салуу боюнча КМШнын жумушчу тобун жетектеген.
- 2006-жылы президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы болуп дайындалган.
- 2006-2007 — президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун жетекчиси;
- 2008-жылга чейин Кыргызстандын Боршайкомунун төрайымы болгон. Бирок кийин президенттин уулу Максим Бакиев ага кысым көрсөтүп жатканын жар салып, чет өлкөгө чыгып кеткен. Кыргызстанга кайра 2009-жылы кайтып келген.
- Ал өзүнүн аты жөнүн 2015-жылы Гүлнара-Клара Самат деп өзгөртүп алган.
- 2018-жылдын 15-майында БШК аны "Ата Мекен" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты катары каттоодон өткөрдү.
- 2020-жылдын 4-октябрында "Мекенчил" партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышкан (жыйынтыгы жокко чыгарылып, бийлик алмашкан);
- 2021-жыл 22-февраль — Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалган.