Матвиенко: АКШнын Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгуусу — олуттуу ката

Өткөн аптада Америка аталган келишимден чыгып, ал бул жумада Тегеранга карата жаңы санкцияларды киргизе турганын жар салган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май. — Sputnik. АКШнын Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгуусу чоң ката. Бул тууралуу Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди.

Түндүк Корея Трамп менен сүйлөшүүнүн шартын атады
Эскерте кетсек, өткөн аптада Америка аталган келишимден чыгып, ал бул бул жумада Тегеранга карата жаңы санкцияларды киргизе турганын жар салган.

Матвиенконун айтымында, Ирандын өзөктүк программасы боюнча иш аракеттердин масштабдуу планына кол коюу эл аралык дипломатиянын эң ири жеңиши болуп эсептелет. Төрайым өз сөзүндө сүйлөшүү процесси өтө татаал болуп, көп күч-аракет жумшалганына карабай макулдашуу ийгиликтүү иштеп келгенин белгиледи.

"МАГАТЭ Иран тарабынан келишимдин шартын аткарылып жатышын тыкыр көзөмлгө алган, Тегеранга да, башка тараптарга да эч кандай доомат жок болчу. Макулдашуунун шарты бузулган эмес. АКШнын бир тараптуу бул келишимден чыгышы чоң ката болду. Россия эле эмес, мамлекеттердин көбү ушундай пикирде. Мунун кесепети да жаман болушу мүмкүн. Себеби эмнеде деген суроо жаралат. Бирок АКШдан "макулдашуу начар", "ага Барак Обама кол койгон" деген жооптон башка сөз уга албадык", — деди Матвиенко.

Анын айтымында, АКШ Иран менен жаңы келишим түзүүгө ниеткер. Матвиенко эгер АКШ президентинин кандайдыр бир анык бир ою, идеясы болгон күндө да аны алгач иштеп чыгуу керек. Бирок ага чейин түзүлгөн ыраат менен иштөө кажет.