Кыргызстанда ар бир 33 саатта бир эркек үйдөгү зомбулукка кабылат. Сандар

Спектакльдан сцена. Архив
Кыргызстандык эркектер үйдөгү зомбулуктан жапа чегери, негизинен алар 30-40 жаштын ортосундагылар экендиги айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстанда эркектердин зомбулукка кабылган учурлары көбөйүп бара жатат деп айтылган Улуттук статистика комитетинин отчетунда.

Акыркы үч айда Кыргызстанда мындай маанайдагы 160 окуя катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга караганда эки жарым эсеге көп кездешет экен.

Случаи семейного насилия в КР
11 жашар кызымды зордуктоого аракет кылды! Күйөөдөн айтпаган келиндердин тагдыры
Арыз жазгандардын ар бир үчүнчүсүнүн орточо курагы 30-40 жаштын тегерегинде. Төрт учурдун бирөөсүндө эркектин жаш курагы 20 менен 30 жаштын ортосунда болгон.

Ал эми үй-бүлө зомбулугуна кабылган аялдардын саны 15 пайызга кыскарган. 2018-жылдын январь-март айларында мындай бир жарым миң учур катталган. Алардын көбү иштебей үйдө отургандар. Жабырлангандардын ичинен беш пайызы пенсионерлер экендиги айтылды.

Зомбулуктан жабыркап, бирок ага да кайыл болгон аял ыймандай сыры менен бөлүшкөн.