Жалал-Абадда дүкөндөрдү талап-тоногон кыздардын тобу кармалды

Кыздар үч ай бою сатуучуларды алаксытып, дүкөндөрдү карактап келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлери дүкөндүн кассаларын талап-тоноп келген үч кызды колго түшүрдү. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, кыздар уурулук менен 2018-жылдын январынан март айына чейин алектенип келишкен.

"Жыл башынан бери Ноокен, Таш-Көмүр жана Жалал-Абад шаарларынан сатуучуларды алаксытып, дүкөндөрдү карактап кетип жаткан үч кызга карата чара көрүү өтүнүчү менен ишкерлер кайрылган", — дешти милициядан.

Алтын уурдай коем деген кыздар бүтүндөй Бишкекке уят болушту
Мындай арыз менен укук коргоо органдарына алты киши кайрылган. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары үч кыз кармалган. Алдын ала эсептөө боюнча келтирилген зыян 70 миң сомдун айланасында.

Колго түшүрүлгөндөрдүн арасында буга чейин да уурулук кылганы үчүн соттолуп чыккан 22 жаштагы А. кызы А., уурулукка шектелген 20 жаштагы Р.А. жана 22 жаштагы Р.М. аттуу кыздар бар. Ушу тапта кармалгандардын башка кылмыштарга тиешелүүлүгү текшерилип жатат.

Тергөө иштери улантылууда.