Кечээ, 14-майда, борбор калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global 12 эл аралык мелдеши өткөрүлдү.
Ал эми турнирдин башкы окуясы болуп оор салмактагы мушкерлер — кыргызстандык Тилек Жээнбеков менен швециялык Малик Тамбенин беттеши болду. Натыйжада Жээнбеков атаандашын биринчи раундда эле техникалык нокаут менен жер каратты.
Мелдешке Орто Азиянын, Россия жана Швециянын мушкерлери күч сынашты.