ЖМК: Түндүк Корея Пхунгер аймагындагы өзөктүк полигонун бузуп баштады

Түндүк Кореянын бийлиги Пхунгер аймагындагы өзөктүк полигонду 23-25-майда жабуу чечимин кабыл алган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Түндүк Корея Пхунгер аймагындагы өзөктүк полигонун бузуп баштаганын Американын 38North сайты спутниктен тартылган сүрөттөргө таянуу менен билдирди.

​Порталдын маалыматы боюнча полигондун иштешин камсыздап турган бир нече курулуштар бузулду. Андан сырткары, вагон үчүн курулган рельстер жана бир нече чиркегичтер алынган.

Ал эми буйрук берүүчү негизги имарат менен административдик колдоо көрсөтө турчу экинчи имаратка тийишкен эмес.

Ким Чен Ын менен Трамп качан кайда жолуга турганы такталды
Полигондун жабылышына чет элдик журналисттер дагы тартылып, алардын көз алдында туннел жардырылышы мүмкүн болгондуктан анын кире бериши да буздурулган эмес.

Буга чейин Түндүк Кореянын борбордук телеграф агенттиги Эмгекчилердин партиясынын жыйынында Пхунгер аймагындагы өзөктүк полигонду 23-25-майда жабуу чечимин кабыл алганын маалымдаган. План боюнча полигон толугу менен бузулуп, ага чектеш салынган башка имараттар дагы түрттүрүлөт. Полигонду жабуу салтанатына Түштүк Кореянын, Кытайдын, АКШнын, Улуу Британиянын жана Россиянын журналисттери катышуусу ыктымал.