Соцтармак кызыктары: Нурлан менен Аселдин бүтпөс баяны, тойго келген "койлор"

Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптада интернет айдыңынан орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Узаган жумада шоу-бизнес жылдыздары Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын үлпөт тою болуп, социалдык тармакта алардын сүрөт, видеолору жайнап турду. Ал эми Жеңиш күнүндө мамлекет башчынын "Өлбөс полк" акциясына катышканы күтүүсүз болду.

1. Өлкө башчы "Өлбөс полкко" чыкты. Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгына арналган "Өлбөс полк" жөө жүрүшүн президент Сооронбай Жээнбеков баштап чыкты. Ал согушта дайынсыз жоголгон чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн алып чыкканын айтты. Ал эми иниси анын эки уулунун сүрөтүн колуна кармаган.

Көчөгө батпай, ураалап кыйкыргандар. Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясынын видеосу

2. Жеңиш аянтындагы вальс. Майрамга карата борбор калаадагы 15 университеттин студенттери вальс бийлешти. Бул күнү Жеңиш аянтына жүздөгөн жуп келген. Видеодон койкойгон далылуу жигиттерди жана жылмаюу менен сүйкүмдүү караган бийкечтерди көрүүгө болот.

Жеңиш майрамында жүздөгөн жуп өчпөс оттун жанында чимириле вальс бийледи. Видео

3. Жылдыздардын тою. Бейшемби күнү Бишкекте эстрада ырчылары Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын үлпөт тою өттү. Кечеде эки жаштын кантип таанышып, мамиле түзүп калганын сүрөттөгөн сүйүү баяны көрсөтүлгөн. Ага ылайык, экөө 2006-жылы жаңыдан Бишкекке келгенде автобекеттен кезигип калышкан экен.

4. Махабат бийи. Тойдун дагы бир кызыктуу ирмеми жубайлардын махабат вальсы болду. Анда Нурлан "Көпөлөгүм" аттуу ырын аткаруу менен келинчегин бийге тарткан. Ал ортодо социалдык тармактын колдонуучулары экөөнүн улам-улам өтүп жаткан тоюн эсептеп жатышат. Жаштар сөйкө салуу, кыз узатуу, үлпөт той жана Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында той концерт өткөрүшкөн.

5. Коңур үндүү бөбөк. Бул бала да мындай үнү менен келечекте мега жылдыз болчудай. Тоо жаңырта обон созот экен. Анын үнүн уккан айрым ырчылар да уяла түшкөн чыгар.

6. Койлор тойдо. Эмнени гана ойлоп табышпайт. Эми тойлорго козу грилди башы менен, тагыраак айтканда, тирүү кой өзү басып келе жаткандай түр көрсөтүп алып чыга башташыптыр.