Радио

Сыргабаев: социологияда "дистанттык үй-бүлө" деген термин пайда болду

Социология илимдеринин кандидаты, доцент Самар Сыргабаев коомдо жаштар үйлөнүп, бири мигрант болуп кетип жаткан көрүнүш көбөйүп баратканын айтты.
Sputnik
Сыргабаев: социологияда "дистанттык үй-бүлө" деген термин пайда болду

Социология илиминде "дистанттык үй-бүлө" деген термин пайда болду. Бул тууралуу Самар Сыргабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай үй-бүлөлөр мамилени телефон аркылуу түзүүдө.

"Социология илиминде мигранттарга тиешелүү жаңы термин пайда болду. Ал "дистанттык үй-бүлө" деп аталат. Жаштар үйлөнүп, бири дароо эле эмгек миграциясына кетет. Алар телефон аркылуу байланышып турат. Мындай учурдун аягы ажырашуу менен аяктап жаткан фактылар көп кездешүүдө", — деди социолог.

Ал изилдөөлөрдүн жыйынтыгында эркектердин 56 пайызы, ал эми аялдардын 61 пайызы ажырашууну уят катары эсептерин айтып, демек жубайлардын дээрлик жарымы ажырашууну кадимки эле көрүнүш катары кабыл алуу түшүнүкү калыптанып калганын кошумчалады.