Аида Салянованын ордуна Гүлнара-Клара Самат депутат болуп келди

Буга чейин БШКга Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын да, Россиянын да жараны болушу мүмкүн деген маалымат келип түшкөн болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бүгүн, 15-майда, Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Аида Салянованын ордуна "Ата Мекен" партиясынан Гүлнара-Клара Саматка депутаттык мандат берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Дамирбек Асылбек уулунун кызматын Канат Бегалиев аркаламай болду
Эске салсак, экс-депутат Аида Салянова юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп айыпталган. Кийин сот эл өкүлүн айыптуу деп тапкандыктан БШК депутаттык мандатынан ажыраткан болчу

Боршайкомдун тараткан маалыматына караганда, БШКга "Карек" коомдук бирикмесинен Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын да, Россиянын да жараны болушу мүмкүн деген маалымат келип түшкөн. Мындан улам БШК Кыргызстандын ТИМине кайрылып, талапкердин кош жарандуулугу бар-жогун тактап берүүнү суранган.

"14-майда КР ТИМи Россиянын Юстиция министрлигинин жообунун көчүрмөсүн жиберди. Анда Гүлнара-Клара Самат Россиянын жараны эместиги көрсөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча кийинки турган талапкер Гүлнара-Клара Самат БШК тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты катары каттоодон өткөрүлдү.