БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Россияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтө тургандыктан коопсуздук чаралары күчөтүлүүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Футбол чемпионаты 14-июндан 15-июлга чейин Россиянын 11 шаарында (Москва, Санкт-Петербург, Казань, Сочи, Нижний Новгород, Самара, Калининград, Екатеринбург, Саранск, Волгоград, Ростов-на-Дону) өтөт.
Ушуга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 25-майынан 25-июлуна чейин жогоруда белгиленген 11 шаарда коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн чаралар көрүлөт.
"Миграциялык мыйзамдар жаатында чет өлкөлүк жарандар РФ президентинин 2017-жылдын 9-майындагы №202 Жарлыгына ылайык, Россиянын аймагына кирген күндөн баштап турган орду, же жашаган жери боюнча бир сутканын ичинде каттоого туруусу боюнча убактылуу эреже киргизилген", — деп айтылат маалыматта.
Ушундан улам КРдин элчилигинин жана Кыргызстандын Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери аталган 11 шаардын ичинде Кыргызстандын консулдук мекемелери жок шаарларында убактылуу жашап, иштеп жаткан мекендештер жана диаспора активисттери менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында иш сапарга чыгышат.
Сапардин расписаниеси:
— Нижний Новгород (15-май);
— Волгоград (16-май);
— Казань (16-май);
— Ростов-на-Дону (17-май);
— Самара (17-май);
— Саранск (19-20-май);
— Сочи (20-21-май);
— Калининград (6-июнь).
Жолугушуулардын өтө турган орду, убактысы тууралуу төмөндөгүтелефон аркылуу билүүгө болот:
Казань +7 (966) 260-97-60;
Сочи +7 (988) 245-43-02, +7 (988) 286-51-20;
Нижний Новгород +7 (967) 713-67-37;
Самара +7 (927) 260-34-84;
Ростов-на-Дону +7 (960) 461-61-61, +7 (918) 528-81-85;
Волгоград +7 (961) 669-95-55;
Калининград +7 (952) 792-15-35;
Саранск +7 (925) 735-49-46.