Путин КамАЗ айдап, Крым көпүрөсүн ачты. Видео

Аталган көпүрө Крым менен Краснодар крайын байланыштырат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Керчь куймасы аркылуу өткөн Крым көпүрөсүнүн салтанаттуу ачылышына катышты.

Азем болгон жерде тартылган тасманын 12-мүнөтүндө президентке көпүрө тууралуу маалымат берилип жатканын көрүүгө болот. Андан соң Путин КамАЗга отуруп, унааны айдап кеткен. 

Путин за рулем КамАЗа промчался по Крымскому мосту

Өлкө башчысы көпүрөнүн бекемдигин сыноо үчүн кое берилген отуздай жүк ташуучу машиналардын колоннасын баштап чыкты.

Краснодар крайынан Керчке чейинки жол 16 мүнөттү түзгөн. Аталган көпүрө Крым менен Краснодар крайын байланыштырат. Эки аймактын аралыгы — 19 чакырым.