Ош шаарына кире бериш жерде соода түйүндөрү, чайкана өрттөнүп жатат

Өрт болжол менен саат 21.00дөрдө башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылында жайгашкан "Кызыл-Суу" чайхананын болжол менен 200 чарчы метр аянты күйүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бишкектеги "Каухар" бизнес борборунан чыккан өрттүн видеосу
Өрттү өчүрүү үчүн биринчи бригада саат 21.01де чыгып кеткен. Учурда жеринде жалпы жонунан өрт өчүрүүчү беш унаа иштеп жатат.

ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратов алдын ала маалыматтар боюнча өрттөн жабыркагандар жок экендигин билдирди. Тез жардам кызматы окуя болгон жерге келген. Саат 22:00дө өрт чектөөгө алынган. Өрт кырсыгы алгач соода түйүндөрүнөн жанаша жайгашкан чайканага өткөн.