Манасбек Арабаев ишенимден кетип кызматтан алынды

Тийиштүү буйрукка мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. КР президент аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ал "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" КР мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Бул мыйзамдын аталган беренесинде "саясий жетекчиликтин ишенимин жоготуу" деп жазылган.