ӨКМ: Кара-Суу району менен Кадамжай шаарында эки киши сууга чөгүп кетти

Издөө иштери 15-майда дагы улантылат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кара-Суу районунун Эрин айылындагы Савай каналына түшүп кеткен 49 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 14-майда болгон. Издөө иштерине беш милиция, алты куткаруучу жана жергиликтүү 20дай киши тартылган. Тилекке каршы, издөө аракеттеринен жыйынтык болгон эмес. Издөө иштери бүгүн дагы улантылат.

Андан сырткары, Кадамжай шаарынын Болничный көчөсүндөгү сууга бир эркек адам чөгүп кетти деген маалымат түшкөн. Жеринде төрт куткаруучу иштеген. Издөө иштери бүгүн, 15-майда дагы жүрөт.