БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Индонезиядагы Сурабая шаарында полиция участкасынын алдында жардыруу болду. Бул тууралуу РИА Новости Jakarta Globe агенттигине шилтеме берип жазып чыкты.
Окуядан бир нече полиция кызматкери жабыркаганы айтылууда. Эки күндүн ичинде Индонезияда ушуну менен төртүнчү ирет жардыруу болуп жатат.
Тасмада көрүнүп тургандай, полиция участогуна эки мотоцикл келип, бири жарылып кеткен.
Strait Times басылмасы полициянын начальниги Тито Карнавианага шилтеме берип, Индонезиядагы үч чиркөөгө бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү (атасы, апасы, 16 жана 18 жаштагы эки баласы жана эки кызы) теракт жасаганын жазып чыкты. Карнавианын маалыматына караганда, үй-бүлө "Ислам мамлекети" террордук уюму менен байланышы бар жергиликтүү "Жемаа Аншарут Даула" (JAD) деген уюмдун мүчөлөрү болгон.