Шейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Шейшемби күнү тоолуу райондордо жамгыр жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Таласта 17…21, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 20…25, Ысык-Көл менен Нарында 14…18 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Ал эми Бишкек шаарында күн ачык болуп, 20…22, Ош шаарында 22…24 градус жылуу болот.