Жээнбеков ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин жыйынында эмне деди

Жээнбеков Биримдиктин органдарындагы бюрократташтыруу маселесине көңүл буруп, уюмдун алкагында чечимдерди кабыл алуу тез, ийкемдүү жана мобилдүү болушу керектигин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-майда Сочи шаарында болгон Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы отурумунда сүйлөп, бир нече маселеге токтолду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

1 / 3
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы отурумунда сүйлүп, бир нече маселеге токтолду
2 / 3
Ал Кыргызстандын Биримдикке катышуусунун оң натыйжаларынын бири катары эмгек рыногунун либералдашын жана эмгек мигранттарынын абалынын жакшырышын баса белгилеген
3 / 3
Мамлекет башчы соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга, анын ичинде товарларды жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган санариптик күн тартибинин алкагында коюлган милдеттерди өз убагында чечүү маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын баса белгиледи.

Ал Кыргызстандын Биримдикке катышуусунун оң натыйжаларынын бири катары эмгек рыногунун либералдашын жана эмгек мигранттарынын абалынын жакшырышын баса белгилеген.

"Биздин интеграциялык бирикмебизде мигрант-эмгекчилердин тең укуктуулугун жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылууга умтулушубуз керек", — деген Жээнбеков.

Мамлекет башчы соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга, анын ичинде товарларды жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган санариптик күн тартибинин алкагында коюлган милдеттерди өз убагында чечүү маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын баса белгиледи.

Жээнбеков менен Назарбаев телефон аркылуу эмнени талкуулады. Соңку сүйлөшүү
—Бул иште ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товарларды маркировкалоо жана көз салуу боюнча санариптик технологияларды киргизүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу зарыл. Өзгөчө чакан жана орто бизнеске түшкөн оорчулукту эске алуу менен товарларга көз салуу механизмдери синхрондолушу жана алар баскыч баскычы менен киргизилиши керек, — деген президент.

Ал дүйнөдө соода согушу деп аталган каршылашуунун айыгышкан мүнөзгө айланып бара жатканына жыйындын катышуучуларынын көңүлүн бурган.

— Геосаясаттык чыңалуунун өсүшү евразиялык интеграциянын алкагында биз жетишкен натыйжаларды жокко чыгарып коюшу мүмкүн. Биз ички өз ара атаандаштык күрөштөн кайтып, эл аралык деңгээлде биргелешип аракеттенишибиз керек. Интеграцияны тереңдетүү жана кеңейтүү менен гана өлкөлөрүбүздүн экономикалык болгон мүмкүнчүлүктөрүн ача алабыз, — деген мамлекет башчы.

Президент алга жылуу керек, бирок Кыргызстан Биримдикке кошулган күндөн бери чечилбей келе жаткан маселелер бар экенин баса белгилеген.

"Тоскоолдуктар жана өткөөлдөр тууралуу сөз болгондо товарларды жылдыруу ишиндеги талаш кырдаалдарды чечүү үчүн Комиссияга кошумча укуктарды берүү зарыл экенин айткыбыз келет. Комиссия Биримдикке ликке мүчө өлкөлөр ортосунда пайда болгон көйгөйлүү маселелерди жөнгө салуу үчүн активдүүлүктү жана эрктүүлүктү көрсөтүшү керек", — деген президент.

ЕАЭБ санариптик долбоорлорду иштеп чыгууга сынак жарыялады
Жээнбеков Биримдиктин органдарындагы бюрократташтыруу маселесине көңүл буруп, уюмдун алкагында чечимдерди кабыл алуу тез, ийкемдүү жана мобилдүү болушу керектигин белгилеген. Процесс бардыгы үчүн, анын ичинде Евразия экономикалык комиссиянын колдоосуна муктаж бизнес үчүн да ачык-айкын жана түшүнүктүү болушу зарылдыгын айткан.

— Комиссия талаш туудурган маселелерди натыйжалуу чечиши керек жана тийиштүү милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиш. Бул багытта ачык-айкын сунуштарды иштеп чыгып, биздин карообузга алып чыгууну Комиссияга тапшырууну сунуш кылам, — деген Жээнбеков.